super.kg logo

Голливуд коронавирус пандемиясы тууралуу тасма тартат

 

Голливуд коронавирус пандемиясы тууралуу тасма тартат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Голливуд коронавирус тууралуу медициналык драма тартууга киришти. Тасма Кытайда эки аптанын ичинде тараган COVID-19 инфекциясы тууралуу баяндайт. Сюжеттин негизин Ухандагы дарыгерлер түзмөкчү. Тасма тартуу иши менен "SK Global Entertainment" компаниясы алектенүүдө, сценаристи Оскар киносыйлыгынын ээси Чарльз Рэндольф.

Вирус кантип пайда болгон, кандай шартта калың журтка жайылып кеткен жана аны менен күрөшүүдө ухандык дарыгерлердин аракетин баяндаган медициналык драма болору күтүлүүдө. Кытай бийлиги уруксат берсе, тасма 2021-жылы Кытайда тартылып баштайт.

Тасмага кимдер роль жаратат жана качан экранга чыгары тууралуу кеңири маалымат айтылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: