Жактоочу Майрамбек Жумабеков: "Атамбаев өзү демилгелеген соттук реформанын курмандыгы болду"
Өткөн аптада саясий айдыңдагы чуулгандуу деп эсептелген соттук иш боюнча өкүм чыгарылды. Тагыраагы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс аягына чыгып, анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Бул иш бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, жалпы КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттерде резонанс жаратып, ага карата талкуулар дагы да болсо токтой элек. SUPER.KG порталы Батукаевдин иши, дегеле акыркы кездеги саясаттагы соттук иштердин жүрүшү, жалпы сот реформасы, андагы артыкчылыктар менен кемчиликтер тууралуу жактоочу Майрамбек Жумабеков менен баарлашты.
- Сот системинде реформа жүргүзүлдү, сиздин оюңуз боюнча ал ишке аштыбы жана ачык-айкындуулук менен акыйкаттыкты алып келе алдыбы?
Сот системинде реформа жүргүзүлдү деп төш каккан менен иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок. Реформа болгон жок. Тескерисинче элдин сотторго болгон ишеними мурункудан дагы төмөндөдү.
Реформа кылабыз деп бир топ жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Бирок алардын баары калк үчүн же жактоочулар үчүн иштеген жок. Тергөө органдары, прокуратура, сотко ылайыкталып жазылгандай. Ачык-айкындуулукту алып келүү максатында сот имараттарына, сот залдарына аудио, видеокаражаттарды орнотушту. Бирок карантин маалында бардык соттук процесстер токтоп, айыпталуучулар СИЗОлордо күтүп калышты. Ошол эле коңшу Казакстанда пандемия маалында соттук отурумдар онлайн түрүндө өтүп жатты. Бизде санариптешүү процесси мамлекеттик деңгээлде жүрүп жаткандан кийин бул нерсе эчак жолго салынышы керек эле. Сот санариптештирүү боюнча ишин уланта алган жок. Мыйзамда коронавирус же пандемия тууралуу жазылган эмес. Азыркыга чейин тергөө абактарында өкүмүн күтүп отургандар көп эле. Арасында ден соолугу начарлагандар дагы бар. Ортодо 2 жарым ай бекер эле кетти.
- Жакында эле мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга кесилгени коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратууда. Атамбаев өзү түзгөн системдин же реформанын курмандыгы болду деген пикирлерге карата оюңуз?
Ооба, Алмазбек Атамбаев өзү түзгөн реформанын курмандыгы болду десек болот. Себеби учурунда бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда, мурдагы прокурорлор Аида Саляновага, андан кийин Индира Жолдубаевага буйруктар берилип турган да. Ошол кезде бир топ мыйзамдар бузулган. Азыр Жолдубаева соттук реформанын жыйынтыктарын өзү деле көрүп, баам салып жатса керек. Атамбаевге эми Кой-Таш окуясы боюнча дагы өкүм чыгышы керек. Ал дагы кошулса, эки өкүм биригип 18 жылга чейин барып калышы мүмкүн.
- Батукаевдин иши боюнча бир гана мурдагы өлкө башчыга мөөнөт берилди. Мисалга алсак, мурдагы башкы прокурорго мамлекеттик айыптоочулар 15 жыл сурашкан. Бирок бул иште бир адамга гана мөөнөт берилип, калгандары бошотулганын кандай түшүнсө болот? Сиз юрист катары чечим кандай негизде чыккан айтып бере аласызбы?
Батукаевдин иши боюнча, мамлекеттик кызматкерлердин көбү тергөө менен кызматташканы үчүн жазасы жеңилдетилди. Ал эми Индира Жодубаевага ири суммадыгы айып салынды. Негизи акыркы кездеги процесстер жүргүзүлгөн реформадагы айрым мыйзамдарда тең укуктуулук сакталбай калганын көрсөттү. Орустар айткандай "если сдашь другого" дегендей эле иш болуп жатат. Эгер жаныңдагы адамга каршы сүйлөп берүүгө даяр болсоң, тергөө менен келишим түзүп, жазасын жеңилдетип алса болот. Ал эми кызматташууну каалабагандар соттолуп кетет.
- Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык иш боюнча дагы сот процесси соңуна чыкты. Жогорку Сотто Сапар Исаковдун жактоочусу аныкталбай жатты эле, анан тез арада өкүм чыгып калды. Бул маселенин укуктук жагы кандай болду? Дегеле Жогорку Сотто айыпталуучулардын катышуусу жок деле чечим чыга берсе болобу?
ЖЭБ иши боюнча дагы саясий чечим кабыл алынды десем болот. Ошон үчүн бат-бат эле каралып, өкүм чыгып калды. Биринчи инстацияда каралып баштаганда эле негизги күбө болгон Мусажан Макелекти суракка чакыруу боюнча бир нече жолу өтүнмө келтиргенибизге карабай, сот аны аткаруудан баш тартып жатты. Кийинки шаардык сотто деле ошол эле көрүнүш, жактоочулардын бир топ өтүнмөлөрү жоопсуз калып жатты. Мындайча айтканда, бул иштерге ачык эле саясий түс берилип калды. Болбосо ЖЭБ боюнча бардык мамлекеттик органдар отчётун берип, баары аралашкан. Бирок күнөөнү Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковго жана башка айыпталуучуларга жүктөп коюшту.
- Соттордун бюджетке жана жарандарга келтирген зыяндары, чыгымдары жөнүндө айтып калдыңыз. Ушул тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеңиз.
Жазык-процессуалдык кодексинде айыпталуучунун баш коргоо чарасынын бир нече түрлөрү бар. Үй камагы, камакка алуу, күрөө. Өкүм чыга элек, бир ишке шектүү катары кармалгандын баарын эле камай бербей, күрөө катары акча төлөп, үй камагына деле чыгарса болот. Сөзсүз эле камабаш керек. СИЗОдо бир жаранды кармоо үчүн кеткен чыгым 250 сомдун тегерегинде болот. Анын ичине конвой, электр энергия, медикаменттер кирбейт. Бул учурда бюджетке эле чыгым келип калууда. Учурда баарын эле таңгактап алып барып камоодо. Мындай шартта мамлекетке деле, айыпталып жаткан адамдын үй-бүлөсүнө деле чыгым келтирилет. Мисалга алсак, анын пенсиядагы ата-энеси болсо, каражатынын көп бөлүгүн баласына жумшап коёт. СИЗОдо айыпталуучулар 2-3 күн эле отурбайт, айлап, жылдап отурушат. Мында мамлекеттин бюджетине бир топ эле таасирин берет. Демек кандайдыр бир чынжырча сыяктуу мамлекетке дагы, жеке үй-бүлө бюджетине дагы зыян келтирилип жатат.
- Сиздин тажрыйбаңызда кандай кызыктуу, балким, үрөй учурган соттук иштер болду эле? Мисал келтире кетсеңиз.
Алыс барбай эле, жакында эле өткөн соттук иш тууралуу айта кетейин. Эки бала бир баланын уюлдук телефонун өзүнүн макулдугу менен күрөөгө өткөзөт. Телефон үчүн алар 5 миң сом алышат. Кийин кандайдыр бир себептер менен кылмыш иши ачылып, тергөө телефон өткөргөн балдардын ишин "каракчылык" беренесине такап, курал менен коркутуп телефонун алган деген бүтүм чыгарышкан. Мен аларды төгүндөп, иштин жагдайларын далилдеп, башка беренеге өткөзгөм. Бирок ага карабай, 2 баланы 5 жылдан эркинен ажыратуу чечими кабыл алынды. Иш Ленин райондук сотунда каралган. Анда сот мыйзамдарды одоно бузуу менен эки процесс өткөрүп туруп эле чечим чыгарып салды. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жабырлануучуга материалдык чыгым төлөнүп берилгендиги жана ата-энесинин тосмо арызы эске алынбай туруп 21 жаштагы балдар соттолуп кетти. 5 жылдык мөөнөттөн тышкары, айыпталуучуларга 70 миң сомдон айып салынды. Эми аларды ата-энеси төлөйт да. Соттук реформа жасоодо бардык катышуучулар үчүн акыйкат чечим кабыл алынгандай мыйзамдар кабыл алынышы керек эле. Тилекке каршы учурда тараза ташы бир жакка гана ооп турат.




1 |