Вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирусту дарылаган дары-дармектердин баасына көз салып турууну тапшырды

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата баанын өсүшү боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттөн маалымдашты.
«Эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу COVID-19ду дарылоого пайдаланылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына чектелген кошумча бааны орнотуу аркылуу бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүндүгү каралууда», - дейт Алмазбек Баатырбеков.
Кеңешмеде Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикалык ыкчам штабга дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү дайындалды. Мындан тышкары дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшүнө мониторинг жүргүзүү, ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

