super.kg logo

Казакстанда күчөтүлгөн карантиндик чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Өлкөдө коронавирус илдети аныкталгандардын саны 39 миңден ашты

 

Казакстанда бир сутка ичинде 492 жарандан коронавирус илдети аныкталып, 75 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 10 бейтап кайтыш болду.

Муну менен Казакстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 21 миң 819 болуп, айыккандар 13 миң 8ге жетти. 188 бейтап каза болду.

Ал эми коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптардын саны 17 миң 643тү түздү. Жалпысынан 39 миңден ашуун жарандан коронавирус аныкталды. Бирок коңшу өлкөдө оорунун белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптар коронавирус менен ооругандардын жалпы статистикасына кошулбайт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин ооругандардын саны кескин жогорулап кеткенин айтып, өкмөткө карантиндик чектөөлөрдү киргизүү планын иштеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: