Нарында балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери 25 күндөн бери жүргүзүлүүдө
Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 кишини издөө иштери дагы деле улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Өрнөк айылында жайгашкан. Көкөмерен дарыясына балык кармоого кетишкен. Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө.
Куткаруучулар тарабынан издөө иштери күн сайын жүргүзүлүп, бирок натыйжа боло элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.