super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант берип жатышат

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн элдин, президенттин жана парламенттин алдында ант берүү салтанаты өтүп жатат. Ант берүү аземи бүгүн саат 10:00гө белгиленген. Азыркы тапта 99 депутат каттоодон өттү.

Алар Конституцияны, мыйзамдарды ыйык сактоого, ак ниет жана акыйкат, өлкө үчүн, анын бакубаттуулугу үчүн талыкпай кызмат кылууга ант берип жатышат. Антын бузса мыйзамга ылайык жооп бере тургандыгын айтышууда. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Буга чейин вице-премьер Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алганынан улам иш-чарага катыша албай турганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өздөрү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырган. Коалициянын мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын дээрлик бир добуштан колдошкон болчу.

Анда өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги колдоо тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: