Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду. Ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезгенине байланыштуу COVID-19га ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыкты деп билдиришти УКМКнын маалымат кызматынан.
"Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүшүп, мурунку өлкө башчыга эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Буга байланыштуу дарыгерлер Атамбаевди стационардык дарылануу үчүн ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана байланышты азайтуу максатында УКМКда жолугушууларды өткөрүү үчүн терезелер коюлган. Мекеменин билдирген маалыматы боюнча, акыркы апта ичинде Атамбаев бир канча жолу жактоочулары жана туугандары менен жолуккан, алар кагаз документтерди жана ар кандай буюмдарды колуна эле беришкен.
Ал эми расмий маалыматтар боюнча, жактоочу Замир Жоошевден вирустук инфекциянын белгилери аныкталган жана анын жакын тууганы учурда Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасында жатат. Ага COVID-19га тийиштүү дарылануу жүргүзүлүп жатканын жана жактоочу аны менен байланышта болгон адам экенин маалымат кызматынан кошумчалашты.
Бүгүнкү күндө УКМКнын тергөө изолятору кадимки режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда республикалык штаб коронавирустун алдын алуу үчүн бардык талаптарды так сактоо менен иш алып барууда.

Кадыр сен акылдуу болгонунда Жапаров,Тулеев камакта отурганда элге бугунку кундогудой кайрылуу жасашын керек болчу.
Атан,апан,чон атан,тай атан,бир тууганын болсун бийликте эл башкарган жакын адамын турган сон бир озуно айтып,сиз туура эмес кылып жатасыз,мен бул кадамынызды туура коргон жокмун.Элдердин пикирин угуп,окуп жатамын.Чыгарыныз,менин дагы чындыгым бар деп элге Тулеев,Жапаров акталсын деп чыгышын