super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков ант берген өкмөттүн жаңы курамына ийгилик каалады

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште жаңы премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн элдин, президенттин жана парламенттин алдында ант берүү салтанаты өтүп жатат.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов, вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, вице-премьер Аида Исмаилова, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрнис Терликбаев жана башка өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, жаңы өкмөттүн ишине ийгилик каалады.

"Жаңы эле өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алдык. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, бүгүн жан үрөп иштеп берем дедиңер. Ушул антыңарды актап, чын дилиңерден иштейсиңер деп үмүт кылам. Кырдаалды оңдой турган өкмөт болоруңарга ишенем. Азыркы кырдаалда өкмөттүн үч милдетин артыкчылыктуу багыты катары аныкташыбыз керек.

Алар — азыркы глобалдык илдеттин кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирип, өнүктүрүү жана келе жаткан шайлоолорду адилет өткөрүү.

Учурдагы эң актуалдуу маселе — бул коронавирус илдети менен болгон натыйжалуу күрөш экендиги айтпасам да түшүнүктүү. Азыр мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчө кырдаалды башыбыздан кечирип жатабыз. Капыстан келген илдеттен калкыбыздын ден соолугун, өмүрүн натыйжалуу коргоо үчүн кадимки жай турмуш эмес, катаал күрөштүн шартында иштеп жатабыз", - деди Жээнбеков өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: