Бишкекке Кувейттен 102 Кыргыз жараны кайтып келди



Бүгүн, 30-июнда Эль-Кувейт-Бишкек багытындагы аба каттамы менен 102 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кайтып келгендердин арасында буга чейин Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн мекендештерибиз дагы бар. Алар Кувейтке атайын уюштурулган транзиттик каттам менен келишкен.
Чет өлкөдөн келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылды. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибизди өлкөгө алып келүү боюнча иштер улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.