"Манас" аэропорту жакта велосипед тээп бараткан эки жаранды унаа сүзүп кетти. Алардын бири каза болду
Бүгүн, 30-июнда "Манас" аэропортунун аймагында жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 1 жаран каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз өкүлү билдирди.
"Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аэропорттун аймагынан Бишкек тарапка келе жаткан. Ал жолдун жээгинде велосипед тээп бараткан эки кишини сүзгөн. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Каза болгондор спортсмендер экен,болгондо да белгилуу,Кыргызстандын велоспортунда жургон спортчулар,окунучтуу...
Жаткан жерлери жайлуу болсун.