super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Коронавирус дүйнөдө тездик менен жайылып жатат"

 

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы аяктабай, тескерисинче инфекция күн сайын тездик менен күчөп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус брифинг учурунда айткан.

"Баарыбыз бул пандемиянын аягына чыгып, мурунку жашоону улантууну каалайбыз. Тилекке каршы коронавирус аягына чыга элек. Көптөгөн өлкөлөр кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкенине карабастан, коронавирус пандемиясы дүйнөдө тездик менен күчөп жатат. Көптөгөн өлкөлөрдө жакынкы айларда вирус менен кантип жашоо керек деген орчундуу маселе турат", - деген Гебреисус.

Мындан тышкары ал алты айдын ичинде дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 10 миллион кишиге жетип, 500 миң адам бул илдеттин курмандыгы болгондугун кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнөдө 10 миллион 302 миң 52 адамдан аныкталды. 505 миң 505 адам каза болсо, 5 миллион 235 миң 813 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.06.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бок жеп отурасынарбы?
Вакцина тапкыла?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: