super.kg logo

Кадыр Атамбаев: "Алмазбек Атамбаевге оору атайын жуктурулган"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге пневмония оорусу УКМКнын тергөө изоляторунан атайын жуктурулган. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү экс-президентке пневмония оорусу УКМКнын тергөө изоляторунан атайылап жуктурулгандыгына ишенебиз.

УКМКнын тергөө изолятору инфекция жугуучу жайга айланган. Тергөө абагында камакка алынгандардын арасынан кеминде 10 кишиден COVID-19 табылды.
УКМКнын тергөө абагында камакта отургандардын туугандары бизге УКМКнын тергөө изоляторунун кызматкерлеринин, анын ичинде бардык башчылары коронавируска шектелип жаткандыгын айтышты.

Өзгөчө кырдаал жана карантин режимин киргизүү жөнүндө билдирүүлөргө карабастан, бийликтегилер Алмазбек Атамбаевди жана анын шериктерин Кой-Таш окуясы боюнча сотко коргоочу шаймансыз жеткиришкен. Бийлик өз саясий оппоненттерине коронавирус инфекциясын жугузуу ниетин көрсөттү деп ишенебиз. КСДП партиясы 11-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди инфекцияны жуктуруп албашы үчүн үй камагына өткөрүп берүү керектиги жөнүндө билдиришкен. Бирок бийлик бул кайрылууну атайылап четке какты", - деп жазган Кадыр Атамбаев.

Кечээ, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: