Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы: Шектүүгө карата райондук соттун чечими чыкты
Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча 297-берене ("автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты бүгүн, 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы билдирди.
Мекемеден окуя тууралуу кеңири маалыматты кырсыктан 5 күн өткөн соң гана беришти.
Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамасында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап баратып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. (ред.: Асел Кадырбекова) Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.
Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.
Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Учурда жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Бүгүнкү күндө сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бог - орусча, аллах - арабча, God - англиче, Тенир - кыргызча. Аллах деп арабча айткандан коро, кыргызча Тенир деп айткан туура.
Маалымат учун Гана, кечириниз.
Кыргыздар дайыма Жаратуучуга Тенир деп ишенип жакшы бата менен жашай беребиз.
Маалымат учун.
Тянь-Шандык кыргыздар илгертеден эле Жараткан Теңирим, Теңирчилер, Теңирден сурап деген сөздөрдү көп колдонушкан. Ишенбесеңер Кыргыздар, Сынган кылыч, Каныбек деген кыргыздын чыгармаларын окуп чыккыла. Кудай Таала деп, Жараткан Алла деп кайрылышчу, АллаХ деп айтчу эмес, бул арабдардын сөзү.