super.kg logo

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

 

Бүгүн, 30-июнда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратында аталган кызматтын башчысы, 39 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Олег Запольский менен коштошуу зыйнаты өттү. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коштошуу зыйнатына ИИМдин жетекчилери, Запольскийдин кесиптештери жана жакындары катышты.

"Запольскийдин кесиптештери аны өз ишине өтө так, кылдат мамиле жасаган адис катары жана ар бир жумушунда адамдык сапатты да бийик алып жүргөнүн эскеришти. Аны акыркы сапарга узатуу күжүрмөн аскерлердин катышуусунда өттү. Биз аны ар дайым эң мыкты жетекчи катары эстеп жүрөбүз", - деп жазылат маалыматта.

Олег Запольскийдин артында аялы жана 2 баласы калды. Ал 27-июнь күнү оорудан улам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: