super.kg logo

"Бири жыгылып, экинчисине унаада жасалма дем алдырышты" деп тараган видео: Улуттук госпиталда 2 бейтап пневмониядан каза болду

 

Кечээ социалдык тармактарга "Абал оор, бейтаптардын бирине унаада жасалма дем алдырып жатышса, экинчиси короодо жыгылды", - деген видео тараган. Видео кайсы даректе тартылганы айтылган эмес болчу.

Улуттук госпиталдын башчысы Тилек Маратов бул көрүнүш боюнча "Акипресс" маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирген.

"Абал курч. Амбулатордук негизде дарыланып жаткан эки бейтапты дарыгерлер кабыл алууга, текшерүүгө жетишкен эмес. Алар абалы өтө оорлогондо келишкен", - деген ал. Ошондой эле Маратов Улуттук госпиталдын алдында кечээ, 29-июнда пневмония менен ооруган 2 адам көз жумганын айткан. Ал жарандар оорусу күчөп кеткенде кайрылып жатышканын белгилеп, анын кесепети кейиштүү болуп жатканына токтолгон.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри март айынан бери өлкөдө пневмониядан 54 бейтап каза болгонун айткан болчу.






"Унаадан жасалма дем алдыруу жасашып, көчөдө дагы бирөө жыгылды" деген видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2020. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилеков эмес Маратов
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: