super.kg logo

Кундуз Жолдубаева: "Жактоочу Замир Жоошевдин коронавируска карата тапшырган анализинин жыйынтыгы чыга элек"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин коронавирус инфекциясына карата тапшырган анализинин жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"УКМК Атамбаевге жактоочусу Замир Жоошев аркылуу жуккандыр деп расмий билдирүү таратып жатат. Бул билдирүүнү биз УКМК өзүнүн жоопкерчилигин башка адамга оодарып салуу аракети деп сыпаттайт элек. Анткени Замир Жоошевдин тапшырган анализдеринин жыйынтыгы чыга элек экен. Эмне себептен алар Замир Жоошевден жукту деп расмий билдирип жатышат?

Ошол эле убакта биздин өздүк булактар билдиргендей, УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткандар ооруп жатышыптыр. Демек, Алмазбек Атамбаевге ошол жактан, балким, жуккандыр. Азыркы кырдаалда мындай билдирүүлөрдү жасоо жоопкерчиликсиз жана чагымчыл аракеттер деп баалайт элек",
- деди Жолдубаева.

Кечээ, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: