super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 509 миңден ашты

 

Бүгүн, 1-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 434 миң 835 адамга жайылды. Анын ичинен 5 миллион 322 миң 785 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 509 миң 779 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 629 миң 372 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 720 миң 631, каза болгондор - 127 миң 322.

Бразилия 1 миллион 402 миң 41 адам менен экинчи орунда турат. Анда 779 миң 175 бейтабы ооруну жеңсе, 59 миң 594ү кайтыш болду.

Орусияда 646 миң 929 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 411 миң 973, каза болгондор - 9 миң 306.

Индияда 566 миң 840 адам бул илдет менен жабыркап, анын 334 миң 822 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 16 миң 893.

Ал эми Улуу Британияда 314 миң 160 адамдан илдеттин катталганы аныкталган. Ооруну жеңди делинген жарандар - 1 370, каза болгондор - 43 миң 815.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: