super.kg logo

10 жыл мурда Июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар аныкталды

 

Ошто 2010-жылдагы Июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран аныкталды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"20-июнь күнү милициянын криминалдык кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында 1985-жылы туулган К.А. аттуу тургунунун мал сарайынан 51 даана ок дарылары (АКС-74, АКС-74У, АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон) табылып, аны мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган.

Мындан тышкары милиция бөлүмүнө Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну белгисиз үлгүдөгү ок дарыларды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Айылдын 1976-жылы туулган Т.Ж. аттуу тургуну 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.

Бул фактылар 253-берененин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алынган курал-жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: