МАИчини тоготпой качкан Лексустун айдоочусу 1000 сом айып пул төлөп кутулду

Бишкекте МАИчилерди тоготпой качып, жол эрежелерин бузган Лексустун айдоочусу Назгүл Чодроновага 1000 сом айып салынды. Муну менен ал административдик жоопкерчиликтен кутулганын бүгүн, 10-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Мырзабек Токтосунов билдирди. Чодроновага карата жол эрежелерин бузуу боюнча административдик протокол түзүлгөн жана аталган өлчөмдөгү айып пулду төлөтүү чечими чыгыптыр. Эске салсак, 6-сентябрда жол эрежесин бузган Лексус унаасынын айдоочусун жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр ишине чейин кууп барышса, ал унаадан түшүп кайра "Мелис байкеге чалам" деп МАИчилерди коркутканы тартылган видео жарыяланган эле. Жол-кайгуул кызматынын инспектору унаасынын номурун чечип алса, Чодронова кимдир бирөөгө телефон чалып, көп өтпөй инспекторго командири телефон чалып, ал чечилген номурду кайтарып берүүгө аргасыз болгону айтылган. Айымга карата эч кандай чара көрбөй, номурду кайра берип койгон милициянын прапорщиги А.Макеевге "Кызматына толук эмес ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү" берилип, Макеевге телефон чалып номурду берип коюуну буйрук кылган Жол-кайгуул кызматынын улук инспектору, милициянын майору Т.Оторов кызматтан бошотулду.

Кабарда Назгүл Чодронованын сөзү цитатага алынган. Цитата сөзмө-сөз жазылаарын билсеңиз керек.
"Пул" кыргызча сөз.
+2
Келгиле туугандар, жок дегенде 6 айга айдоо укугунан ажыратуусун талап кылабыз, мыйзам деген баарыбызга бирдей болуш керек да! Болбосо президентке чейин арызданабыз! Качанга чейин карапайым калкка башка мыйзам, чондор учун башка мыйзам иштейт!
Баарыңарга алдын ала эскертүү!
Жогоруда жазылгандай, билдирүүлөр өчүрүлүп, автор тиешелүү жазасын алат.
Мен кошулам келгиле кат жолдойбуз Министирге жазаны озгортсун аранарда юристер барбы ?