super.kg logo

"Эпидемиологиялык абал курч! Кошумча даярдалган орундуктар тез эле толуп калды" дейт министрликтин өкүлү

 

Пневмониянын белгилери бар бейтаптар үчүн даярдалган кошумча орундуктардын көбү бир суткада эле толуп калганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында айтты.

"Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болууда. Анткени оорунун белгилери байкалган бейтаптар үчүн даярдалган кошумча орундуктар бат эле толду. Мисалы №1 шаардык клиникалык ооруканасында ачылган орундуктар бир күн ичинде толуп калды. Ал эми Урология борборунда 17 гана орундук калды. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Урология борборуна оор абалдагы бейтаптарды кабыл алып, илдети орто болгондор "Ганси" обсервация бөлүмүнө жаткырылат. Бүгүнкү күнгө карата "Гансидеги" 200 орундун 130у толуп калды. Көпчүлүк бейтаптар ал жак алыс, шарт жок деп каршылык көрсөтүп жатышат. Ал жакта бардык шарттар каралганын айта кетейин.

Бүгүн аскердик лицейдин имаратынан 150 орундукту ачуунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.

Маалымат жыйында министрликтин өкүлү жарандарга кайрылып, оорулууну бейтапканага менчик унаа менен алып келүү маселесине токтолду.

"Мен буга чейин бейтапты менчик унаа менен ооруканага алып келсе болот дегем. Көбү туура эмес түшүнүп, министрликтин өкүлү айтты, кабыл алгыла деп жатышат. Кененирээк түшүндүрө кетейин, эгерде бейтаптын абалы оор болбосо ооруканага келбей эле, дарыгерден кеңеш алып, үйдө болуңуздар", - дейт Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.07.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенириден бата тилеп, тынчылык болсун дейли.
01.07.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайдан болот баары
01.07.2020. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан Алла Таалам ооруну берет экен шыпаасын да кошо берет экен. Ооругандарга шыпаа берсин калгандарыбызды бардык оорулардан сактасын
01.07.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Аллах сактасын, аллах билет, аллах коруп турат деген бул жон эле диний жомок, фантастика. Аллах эч сактабайт коруп жатабыз, эл олуп, ооруп жатышат. Тенир сактасын деген дагы иштебейт. Озунорго гана ишенгиле. Аллахка ишенгендер ара жолдо калып жатышат.
01.07.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kairat1996,сизди ким жараткан ошондо? Өзүңүзбү эгер Кудай жок болсо?
01.07.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996,Сенин оюн эненин курсагында жаткан баланын оюндай экен, ал да ойлойт да мындан башка жашоо бар бекен жок бекен деп
01.07.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алыс шарт жок дегени эмнеси? Элге озу даба жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: