super.kg logo

Коронавирус атасы менен жолуккусу келген кишини океан менен 85 күн сүзүп өтүүгө аргасыз кылды

 

Март айында 47 жаштагы аргентиналык Хуан Мануэл Португалиянын Порту-Санто аралына келген, ал эми анын үй-бүлөсү Аргентинада калган. Коронавирус инфекциясынын айынын жергиликтүү бийлик бардык эл аралык каттамдарга тыюу салгандыгына байланыштуу ал жакын адамдарынан узак убакытка алыс болуп калган.

Мындан улам Мануэл атасын көрүү максатында, Атлантика океаны аркылуу өз кайыгы менен мекенине сүзүп кетүүнү чечкен. "Мен үй-бүлөмдү көрүү үчүн бардык нерсени жасоого даяр элем", - деп билдирген ал жергиликтүү басылмаларга.

Мануэл жолдо тамактанууга жана кайыкка май куюу үчүн бир нече жолу токтогон. Ал океандан бороон-чапкындарга кабылганын жана Бразилияга да токтогонун айткан.

"Бардык кыйынчылыктарга карабастан, багынып берүүнү же болбосо Португалияга кайра кайтууну такыр ойлогон жокмун", - деп кошумчалаган.

Жыйынтыгында Мануэл 17-июнь күнү Аргентинага жетип, коронавируска карата анализ тапшырып, атасы менен жолугушкан. Ал Атлантика океанын 85 күн бою сүзүп, мекенине жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: