Гидрометеорология боюнча агенттиги оор жоготууга учурады

Кечээ, 30-июнда 60 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.
Кесиптешибиз ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты кесиптешибиздин жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", - деп жазылган билдирүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Анварбек Шадыкановичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.