Дээрлик 20 жылдан бери ӨКМда иштеп келген подполковник Мухаметалы Жантаев 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү - 112 диспетчердик кызматынын башчысы, подполковник Мухаметалы Жантаев 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мухаметалы Жантаев 1977-жылы 14-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Шекафтар айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2002-2005-жылдары ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын Токтогул райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын мамлекеттик өрт көзөмөл тобунда инженер;
- 2005-2013-жылдар аралыгында Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы;
- 2013-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүндө улук инспектор;
- 2014-2017-жылдары ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматынын башчысы;
- 2017-2019-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Бирдиктүү нөөмөт диспетчердик кызматынын башчысы жана 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын июнь айына чейин ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү- диспетчердик кызматынын башчысы милдетин аркалап келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты подполковник Мухаметалы Жантаевдин каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.



1 |