Кыргыз өлкөсүнүн жаш окумуштуулары Индияда өтүүчү Конклавга катыша алат. Сынактын шарттары
Кыргыз өлкөсүнүн жаш окумуштуулары Индияда өтүүчү Конклавга катыша алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, иш-чара ушул жылдын 14-18-октябрында Индиянын Хайдарабад шаарында өтөрү маалымдалат.
Сынакка 40 жашка чейинки академиктер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер, стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Жаш окумуштуулар тиешелүү сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алат, анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат.
Сынак төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы;
- туруктуу энергетика жана энергия топтому;
- биотехнология жана биоинженерия;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу.
Катышуучулар эки тарапка жол акысын өздөрү төлөшү керек (Бишкек-Хайдарабад-Бишкек авиабилеттери). Ал эми жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдарды Индия тарап каржылайт.
Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.
Керектүү документтер:
- Анкета;
- Резюме/талапкердин кыска өмүр таржымалы;
- Талапкердин сүрөтү (сүрөт 250х300 пикселден жогору болушу керек).
Катышуу боюнча арыздар 2020-жылдын 22-июнунан 4-августуна чейин кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: (312) 39 20 03.



1 |