Жаның кашаят! Бишкекте эс-учун жоготкон абалда алып келинген бейтапка оорукананын эшигин бир нече мүнөттөн кийин ачты
Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага эс-учун жоготкон абалда алып келинген бейтапты бир нече мүнөт бою кабыл албай коюшту. Бул тууралуу видео социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан интернетке жарыяланды.
Видеодон эс-учун жоготкон абалдагы бейтапты эркек киши көтөрүп турганын, ал эми бир аял оорукананын эшигин каккылап "кабыл албайсыңарбы, 10 мүнөттөн бери турабыз?!" деп жатканын көрүп, угууга болот. Бир канча мүнөттөн кийин медициналык жайдын эшигин ачкан дарыгер "биз жетишпей жатабыз" деп жооп берген.
Бишкекте эс-учун жоготкон абалындагы бейтапты бир нече мүнөтко чейин кабыл албай коюшту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
-1

Медсестралар жок болуп жатканда!
Мед окуу жайлар акча менен бутуруучу чыгарып жатканы окундурот!