super.kg logo

"Ар бир куткарылган өмүр үчүн сиздерге таазим". Бүгүн куткаруучулардын кесиптик майрамы

 

1-июль - Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин кесиптик күнү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бул даталуу күн менен куткаруу кызматынын кызматкерлерин куттуктайт деп маалымдашты ӨКМнын басма сөз кызматынан.

'Бүгүнкү күн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнө 29 жыл болду. Бул убакыт ичинде өлкөбүздө кандай гана кырсык катталбасын, эр жүрөк, тайманбас куткаруучуларыбыз эл-жерибизге ак кызматын кылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты табигый жана техногендик апааттардан коргоо боюнча олуттуу жана масштабдуу маселелерди чечип, канчалаган адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактап келишүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарыхында куткаруучулар нечен ирет өздөрүнүн иш билгилигин, кайраттуулугун, анык баатырлыгын, ыкчамдуулугун жана курч мүнөзгө ээ экендигин далилдеп келишкен.

Кырсыкка кабылып, көзү чачырап турган адамдар сиздерден гана жардам күтөт. Анткени алардын өмүрүн сактап калуу сиздердин гана колуңуздардан келерине толук ишенишет. Айрыкча азыркы учурдагы дүйнөлүк пандемияга каршы күрөшүүдө дагы күнү-түнү талыкпай эмгектенип келе жатасыздар. Ар бир куткарылган адамдын өмүрү үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, сыймыктануу менен таазим этем", - дейт Аскаров өз куттуктоосунда.






1-июль - Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: