Жеке ишкердин демилгесин улай: "Бишкектеги мейманканабызды оорукана үчүн пайдаланууга беребиз" дейт ишкер айым
Мекенибизде катаал кырдаал болуп, абал курчуп баратканда четте карап турбаган жеке ишкерлер мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришүүдө. Мындай демилгени ишке ашырууга бел байлаган Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер Бурул Кушубекова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазып чыккан.
“Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров жана уулум Руслан Айдаров болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп ооруканалар албай жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Эгерде муктаждык болсо, биздин мейманкананы госпиталь катары пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз”, - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Буга чейин дагы бир ишкер 300 орундуу чайканасын оорукана катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин билдирген болчу.







1 |