super.kg logo

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Чотоновдун келе албай калгандыгына байланыштуу жылдырылды

 

Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралмак. Бирок ал соттук отурумга Дүйшөнкул Чотонов келе албай калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Дүйшөнкул Чотоновдун келбей калгандыгынын себеби айтылган эмес.

Кийинки соттук териштирүү 2020-жылдын 3-июль күнүнө саат 15:00гө белгиленгени маалымдалат.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге келбей калса боло береби, келбей койсо боло берет экен да сотко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: