super.kg logo
  Саясат  

Сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган кичи автобус каттамдан четтетилди

 
Жол кайгуул кызматынын айып төлөнүүчү атайын жайына сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган бул кичи автобус токтотулган
Унаалардын сыртына сүрөт тарттыруу үчүн атайын уруксат алыш керек
Бул кичи автобус 240-каттамда болчу
Кичи автобустун бампери да колго жасалган экен
Жол кайгуул кызматынын айып төлөнүүчү атайын жайына сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган кичи автобус токтотулган
Бүгүн, 10-сентябрда Жол кайгуул кызматынын айып төлөнүүчү атайын жайына сыртына уруксатсыз сүрөт тартылган кичи автобус токтотулганын аталган кызматтын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиев өзүнүн интернеттеги баракчасында жарыялады. Маалыматка ылайык, 240-каттамдагы кичи автобустун сыртына чапталган сүрөттөр ишканалардын бирине таандык. “Мыйзам боюнча унаалардын сыртына сүрөт тартууга же бир нерселерди жазууга атайын уруксат алыш керек. Ал эми артына сүрөт тартканга, жазуу жазганга болбойт. Бул айдоочу эми айып пул төлөп унаасын алып кетсе болот. Бирок каттамга кемчиликтери оңдолгон соң гана кошула алат”,- деди Мурзалиев. Ошондой эле Мурзалиев бул кичи автобустун арткы терезеси да тосулган абалда экенин билдирди. “Жүргүнчүлөр таза аба менен дем алып турушсун” деп арткы эшигине желим бөтөлкө тиреп, ачып коюптур”,- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: