super.kg logo

"Бирок иш токтогон жок". Бишкек шаардык муниципалдык кызматтардын, акимчиликтердин, мэриянын аппаратынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды

 
Бишкек шаардык муниципалдык кызматтарынын бир нече кызматкерлери COVID-19 илдети менен ооруп жатышат. Бирок бул абал шаар башкармалыктарынын ишине залакасын тийгизбейт деп маалымдашты мэриянын маалымат кызматынан.
Ага ылайык, мэриянын борбордук аппаратындагы дагы 3 кызматкерден коронавирус аныкталган, 20 кызматкерден ОРВИнин белгилери байкалып, үйдө обочолонуп, дистанциялык режимде иштеп жатышат.
"Ленин райондук акимчилигинен 2, Биринчи Май райондук администрациясындагы 1, Октябрь райондук акимчилигиндеги 1 кызматкерден вирус табылды.
№1, №5, №15 аймактык муниципалдык башкармалыктын 3 кызматкеринен, Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2 кызматкеринин да анализи таза чыккан эмес. Санитардык-экологиялык инспекциянын 1, "Бишкек свет" ишканасынын 1 кызматкеринен оору аныкталып, дагы 6 кишинин дене табы көтөрүлүп үйлөрүнө жиберилген. "Бишкек суу каналдан" 1, "Тазалык" ишканасынан 1, Бишкек башкы архитектура башкармалыгынын 1 кызматкери коронавирус менен ооруп жатат. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы карантинге алынды. Шаардык муниципалдык башкармалыктар дистанциялык режимде толук кандуу иштерин улантууда", - деп жазылат маалыматта.
Шаар башкармалыктын бир нече кызматкерлери ооруга кабылганынын себебин мэрия төмөндөгүдөй түшүндүргөн.
"Кызматкерлер өлкөдө эпидемиологиялык абал жаралгандан бери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышты. Алар эпидемиологдор, дарыгерлер менен биргеликте чет элден келген мекендештерди тосуп алуу, аларды обсервацияларга жайгаштыруу, жардам таратуу иштерине активдүү катышып жатышкан. Кызматкерлер маал-маалы менен ПЦР-анализ тапшырып жатышат", - деп кошумчаланат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: