super.kg logo

Бишкекте коронавируска чалдыккан 2392 бейтаптын 55 пайызын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт

 

Өлкөгө коронавирус келгенден тартып Бишкекте 2 миң 392 адам бул ооруга чалдыкты. Алардын ичинен 100 бейтап Орусиядан кайтып келген аскер кызматкерлери экенин бүгүн шаар мэри Азиз Суракматов айтты.

Айтымында, шаарда акыркы 10 күндүн ичинде күн сайын ооруну жуктуруп алгандар көбөйүүдө, 22-июнда 82 бейтап болсо, 1-июлга карата 195ти түздү.

"21 адам каза тапты, өлүм учурларынын кескин өсүшү соңку аптада байкалууда. 3 миң 706 адам байланышта болгондор катары медициналык көзөмөлдө турат", - деди Суракматов.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Ленин жана Октябрь райондору эң эле эпидемиологиялык жагымсыз абалда турат. Мында 2 миң 392 учурдун ичинен 55 пайызынан көбүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзүүдө.

Райондор боюнча алып караганда:

- Ленин району - 725 адам;
- Октябрь району - 466 адам;
- Биринчи Май району - 446 адам;
- Свердлов району - 355 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: