Ош шаарынын тургуну мас күйөөсүн бычактап өлтүрдү
Бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу мас болгон күйөөсүн бычактап өлтүрүп койду. Окуя саат 02:30 чамасында болуптур. Күйөөсү үйүнө мас болуп келип аялын сабап баштайт. Бул учурда аялы муздаткычтын үстүндө турган ашкана бычагын алып, күйөөсүн жети жолуп сайып салганын Ош ШИИБи кабарлады. Каза тапкан жаран 1974-жылы туулган Ибрагим Маткасымов. Учурда кылмышка шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Айбала Эргешов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

жолу "п"кошулуп калыптыр
бирок ичкен болсо да жалко
адам каза болуптур
бир нерсени жазуудан мурда озунорду ордуна коюп коргуло...