super.kg logo

Кубатбек Боронов аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлерди Бишкектеги кесиптештерине жардам берүүгө чакырды

 

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет. Бул маселе республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында каралганын өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медкызматкерлер башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты. Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот.

Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Андан тышкары кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек", - деп кошумчалады Боронов






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: