"Медицина кызматкерлерин акысыз ташып турууга даярмын" деп билдирет ыктыярдуу жаран
Өлкөдөгү акыркы кырдаал татаалдашып бараткандан бери жеке ишкерлер, жөнөкөй жарандар өкмөткө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип жатышат. Алардын катарында Такен Молдакулов аттуу жаран да бар. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу республикалык штабга кайрылуу жасаган.
“Тойканам, мейманканам, медициналык билимим жок. "Тез жардам" унаасына мөөнөтсүз, бекер айдоочу болуп бергенге даярмын. Айдоочулук тажрыйбам 30 жыл. Дарыгер же медперсоналдарды жеке унаам менен ташып турганга дагы даярмын. Коронавируска чалдыккан мекендештерибиздин сакайып кетиши үчүн колуман келген жумушту аткарам”, - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Эске салсак, кечээ Бишкектеги жеке ишкерлердин бири 300 орундуу тойканасын оорукана үчүн берем десе, бири мейманканасын берүүгө даяр экендигин билдирген болчу.








1 |