super.kg logo

Швецияда бийликтин коронавирус менен күрөшүү аракеттери иликтенет

 

Швеция өкмөтү өлкөдө COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды иликтөө боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Швециянын премьер-министри Штефан Левендин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.

Комиссия борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавируска каршы кандай чараларды көргөнүн жана киргизилген чектөөлөрдү швед эли кандай аткаргандыгын текшеришет. Мындан тышкары комиссия Швециянын башка өлкөлөргө салыштырмалуу эпидемияга каршы канчалык деңгээлде ийгиликтүү күрөшүп жаткандыгын баалайт.

Комиссиянын курамына медицина, этика жана экономика жаатындагы адистер кирет. Аны Швециянын Жогорку административдик сотунун мурдагы башчысы жетектейт. Комиссия аткарган ишмердүүлүгү тууралуу акыркы отчётту 2022-жылдын февралында берет. Ал эми комиссия Швеция бийлигинин эпидемияга каршы күрөшүү ыкмасы оппозиция тарабынан тынымсыз сыналып жаткандыгы үчүн түзүлгөн.

Эске сала кетсек, Швеция Европанын көпчүлүк мамлекеттеринен айырмаланып, COVID-19 үчүн катуу карантин киргизген эмес. Массалык иш-чаралар токтоп, кинотеатрлар жана музейлер жабылганы менен башталгыч мектептер, кафелер, чач тарачтар жана соода борборлору ишмердигин жүргүзүп келген.

Мындай стратегиянын жыйынтыгы башка коңшу мамлекеттерге караганда ооруга чалдыгууну жана өлүүнүн жогорку санын көрсөттү. Швецияда 69 миң адам коронавирус жуктуруп, 5 миң 370 адам көз жумган. Алардын көпчүлүгү 70 жаштан жогорку курактагылар.

Июнь айынын башында Швециянын башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл өлкө COVID-19 менен күрөшүү үчүн көп күч-аракет жумшашы керектигин жана тандалган стратегия өтө көп адамдардын өлүмүнө алып келгенин моюнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: