super.kg logo

Баткен облусунда сутка ичинде коронавирус аныкталгандар кайсы райондордон экени айтылды

 

Бүгүн, 2-июлда Баткен облусу боюнча коронавирус инфекциясы дагы 18 адамдан аныкталды. Муну менен облус боюнча жалпы оорулуулардын саны 108ге жетти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча коронавирус инфекциясы аныкталган 18 адамдын ичинен:

Баткен шаарында - 6;

Лейлек районунда - 6;

Кызыл-Кыя шаарында - 1;

Кадамжай районунда - 5 адамдан коронавирус аныкталды.

Облус боюнча учурда изоляцияда 31 жаран, амбулатордук изоляцияда 23 жаран дарыланууда. Обсервацияда 128 жаран бар. Мындан тышкары жалпы обсервация үчүн 1 миң 790 орун даярдалган. Ал эми ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 156 орун бар. Бирок кырдаалга жараша аны 435 орунга көбөйтүү пландаштырылган.

Баткен облустук администрациясы облуста коронавирус оорусу боюнча кырдаал кооптуу болгондуктан, жарандарды көчөгө чыкпай, тартипти жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: