Медайымдар биримдиги COVID-19га каршы күрөшүүдө ыктыярчыларды жумушка чакырат
Кыргыз өлкөсүндөгү медайымдар биримдиги коронавирус жана пневмониядан жапа чеккен бейтаптарга жардам берүүгө ыктыярчыларды чакырып жатат. Бул тууралуу алар интернеттеги баракчасына жарыялашты.
“Дүйнө жүзүндө жана биздин өлкөдө кеңири жайылган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көптөгөн медициналык кызматкерлер өздөрү ушул дартка кабылышкан. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын медайымдарынын ассоциациясы медициналык билими барларды жумушка чакырабыз”, - деп жазылат.
Ошондой эле жумуштун шарттарына дагы толук түшүндүрмө беришкен. Кайрылууда ыктыярчылар 14 күн иштеп, 14 күн обочолонуу режиминде болору, аларга айлык акы төлөнүп берилери айтылат.
Эске салсак, өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлер чарчашканын жаңы кадрлар резервин түзүү керектигин 26-июнда билдирген болчу.

