super.kg logo

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Акелен Кускаков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

Кечээ, 1-июлда 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссёру Акелен Кускаков катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акелен Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган.
1972-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга кирип, аны 1974-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1975-жылы Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы көркөм театр институтуна тапшырып, 1979-жылы “Кино жана театр актёру” адистигине ээ болгон. 1986-жылы Москва шаарындагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун курсун аяктап, режиссёрлук кесипке да ээ болгон.
1979-жылдан 1991-жылга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында режиссёр жана актёр болуп эмгектенген.
1991-жылдан бери Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссёр-коюучу болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
2011-жылдан 2016-жылга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан бери эмгек жолун кайрадан Ысык-Көл театрында улантып келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Акелен Кускаковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: