super.kg logo

"Тойканаларда той-аш, эскерүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салынат". Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

 

Учурда өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык,

  • Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет.
  • Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш.
  • Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.
  • Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт.
  • Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди.
  • Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
  • Сейил бактардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.
  • Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.

"Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: