super.kg logo

Казакстанда кайрадан эки апталык карантин киргизилет

 

Коңшу Казакстанда 5-июлдан тарта эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана өлкөдө коронавирустук инфекциянын көбөйүшүнө байланыштуу жаңы чектөө чаралары киргизилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, өлкөдө спорттук жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө жана сулуулук салондору, чач тарачтар, спорт залдары, фитнес-борборлору, бассейн, маданий жайлар, музейлер, көргөзмөлөр, форумдар, конференциялар жана башка уюштурулган массалык иш-чаралардын, көңүл ачуу борборлорунун ишине тыюу салынат.

Ошондой эле көчөлөрдө, сейил бактарда 3 адамдан ашык болуп жүрүүгө болбойт жана 65 жаштан ашкан адамдардын кыймылы чектелет. Мындан тышкары региондордун ортосунда жүргүнчү ташуучу унаалардын кызматы убактылуу токтотулуп, коомдук транспорттордун иши убактысы менен чектелип турат.

Чектөө режими дагы узартылышы мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 42 миң 524 адамдан коронавирус аныкталды. 188 адам каза болсо, 25 миң 533 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: