super.kg logo

"Бишкек шаарындагы медициналык жайларда өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктар жетиштүү" дейт Кубатбек Боронов

 

Саламаттыкты сактоо тармагы кычкылтек концентраторуна муктаж болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

"Коронавирустук инфекция менен биринчи жолу күрөшүп жатабыз. Бул илдеттен тышкары, тилекке каршы, пневмония дарты дагы курчуп жатат. Мындан улам медициналык жабдыктарга муктаж болуп жатабыз. Буюрса, эртең Кытайдан кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктар өлкөгө алып келинет. Андан тышкары дагы 500 жабдыкка буюртма бердик. Каражат бар, бюджеттен акча бөлүнгөн.

Донорлордон келген жардамга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 63 аппарат жана 111 кычкылтек концентраторлору алынды.

Бүгүнкү күндө медициналык жайларда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 572 аппарат, 610 кычкылтек концентраторлору колдонулууда. Бишкек шаарындагы медициналык жайларда өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктар жетиштүү экенин министрликтен билдиришти", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: