Орусияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 660 миңден ашты
Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 760 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 147 адам каза болсо, 6 миң 47 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 662;
Москва облусунда - 317;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 266;
Санкт-Петербург шаарында - 258 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 661 миң 165 адамдан коронавирус аныкталды. 9 миң 683 адам каза болсо, 428 миң 978 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.