super.kg logo

Бишкекке өлкөнүн 5 аймагынан 100гө чукул медкызматкер келет. Алар кызматкерлер жетишсиз болуп жаткан ооруканаларда иштейт

 

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар. Мындан улам кадр маселеси жаралып, Бишкекте дарыгерлер жетишсиз болууда.

Премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы медкызматкерлерге кайрылып, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүүгө чакырган. Өкмөт башчы аймактардан борборго 100гө жакын медкызматкерлер келерин, алардын айлык маянасы мурдагыдай сакталарын айтты.

"Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан медицина кызматкерлери Бишкекке келишет. Эртең Баткен жана Жалал-Абад облустарынан медкызматкерлердин келиши күтүлүүдө. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет", - дейт Боронов.

Ошондой эле премьер-министр азыркы учурда өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: