"Кайдыгер карабагандарды кошулууга чакырабыз". Бишкекте элдик штаб түзүлдү
Бишкекте жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлүп, иштей баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
“Урматтуу достор, өлкөнүн патриоттору! Жарандарыбыздын тагдырына кайдыгер карабагандарды биздин штабга кошулууңуздарды суранабыз. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанында уюштурулган республикалык штабга кошулуңуз. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана "Тез жардам" унааларынын жетишсиздигине байланыштуу ыктыярчыларды алардын унаасы менен кошулууну өтүнөбүз. Бардык чыгымдарды өз моюнума алам”, - деп жазган депутат өз билдирүүсүндө.
Ошондой эле азыркы учурда команда 5 унаа уюштурганын, бирок алар аздык кылаарын кошумчалап, зарыл болгон учурда кошумча керебеттерди орнотуу үчүн өзүнүн кеңсесин берүүгө даяр экендигин билдирди.



1 |