super.kg logo

Жалал-Абадда 18 жаштагы жаран кайненесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ал кайнатасына да бычак сайганы айтылды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кайненесин мыкаачылык менен өлтүрдү делген жаран кармалды. Шектүү кайнатасына дагы бычак сайганын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы билдирди.

1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде кылмыш иши катталганы айтылып, чакыруу болгон.

"Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана жетекчилиги барып, короодон 1957-жылы туулган О.О. (аял киши) аттуу үйдүн тургунунун жансыз денесин табышкан. Маркум киши колдуу өлтүрүлгөнү аныкталып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесине 16 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Мындан сырткары каза болгон жарандын күйөөсү дагы (1954-жылы туулган О.Д.) денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган. Анын денесинин 3 жерин бычак кесип кеткен.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене ("киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Каза болгон аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары окуя болгон жерден табылган бычак, баш кийимден жасалган бет кап жана башка тиешелүү буюмдарга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун күйөө баласы Сузак районунун 2002-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабагандыктан, келин ата-энесинин үйүнө кетип калган. 29-июнь күнү ал жубайын алып кетүүгө барганда, кайненеси уруксат бербей койгон. Күйөө баласы кетип бара жатып “болбосо өлтүрөмүн” деп коркутуп кеткен. Ал 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамасында бет кап тагынып келген. "Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүз кел" дегенде колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын бир нече жолу сайып, денесине оор жаракат келтирген. Андан кийин жубайынын оозун, колун скотч менен байлап, күч колдонуп үйүнө алып барып, өзү жашынып алган", - дешти мекемеден.

Учурда бул кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
02.07.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Не заман болуп кетип жатат, тушунбойсун. Жаш еле бала екен. Эми жазаасын алып, турмодо отурсун. Кимди кызганар екен ал жакта.
02.07.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чүкө ойной турган заманында түрмөгө кетти малой. 20 жыл эми Зонада чирисин акмак
02.07.2020. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
18 жашында эле катын алып балее барбы, көк мээ! Ата -энелер кээде адашышат жаш туруп жашоонун, турмуштун эмне экенин билбеген баласын үйлөп! Эркек бала 25 те, кыз бала 22 де турмуш курса кичине турмуштун өйдө ылдыйын түшүнүп калат!
02.07.2020. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эшшшек экен, кудай сактасын ушундай күйөө баладан. Ээй Аллахым адамдардын жүрөгүн боорукер, мээримдүү кыла көр
02.07.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сузактыктар жааман атынар чыкты да....
02.07.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
02.07.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи бироо чычалаптыр Жалалабадда оор кылмыштар коп жасалып жатат.
02.07.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата эне олоор олгучо баланын азабын тартат экен да.
03.07.2020. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнегедир Жалал-Абадда кылмыштуу иштер коп катталып жатат..
03.07.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу ыйман берсин ар бир балага. Эрте уйлоп эмне кереги бар, тушунбойм.?Турмуш эмне экенин билбейт да. Бала 18де болсо, кыз байкуш канча жашта болду экен?. Ачык соз учун кечирим сурайм бирок азыр буга тошок эле кызык болбосо башкасын бут ата энеси кылат да. Иштеп багайын десе жогорку билими жок. Жапжаш.!!! Оз тагдырына балта чапты башы жок! Кызды энесинен ажыратты!!!
03.07.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шакал тиякта энендин тоюн кундо коросун туалетте олтуруп
03.07.2020. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тооба кылдым жакшы кабар укпай калдым го дегеле. вирус, авария, олтурду, урду...
Кайран гана элим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: