Бишкекте санитардык нормаларды сактабай жаткандардын көбү коомдук тамактануучу жайлар экени айтылды
Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарында санитардык-карантиндик талаптардын нормаларын аткарбаган 6 тамактануучу жайга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, борбордогу “Найман”, “На мосту”, “Империя пиццы”, “Кыргызбай” жана “Жибек-Жолу” кафелеринин ээлерине карата протокол түзүлүп, жалпысынан 18 миң сомго айып салынды.
Бүгүнкү күнгө чейин шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан жалпысынан 887 миң сомго 219 протокол түзүлүп, 800дөн ашык ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.