super.kg logo

Ошто сотко чейинки өндүрүш ишин оң жагына чечип берүү үчүн 80 миң сом талап кылган кызматкер кармалды

 

Ош облусунун Ноокат районунда сотко чейинки өндүрүш ишин оң жагына чечип берем деген тергөө кызматкери кармалды. Ал ишти чечүү үчүн 80 миң сом талап кылганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Анда арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБинин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 1-бөлүмү ("опузалап пара алуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-июль күнү ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат РИИБинин кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды. Азыркы учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: