super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүү мыйзамдарга ылайык уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

— шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системдердин киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системи аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.

Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: