Тоң районунда унаа оодарылып, айдоочусу жабыркады



Ысык-Көл облусунун Тоң районунда унаа оодарылып, айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн, 3-июлда билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2-июль күнү саат 12:54 чамасында Төрт-Күл айылында Фольксваген-Туарег үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 1983-жылы туулган айдоочусу жеңил жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.