super.kg logo

Орусия авиациясы 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды

 

Орусия авиациясы коронавирус пандемиясынан улам эл аралык каттамдарды чектөөнү июль айынын аягына чейин узартты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Мындай чечимди Аба каттамынын федералдык агенттиги кабыл алып, чет элдиктердин Орусияга киришине чектөөнү 31-июлга чейин узартууну туура көрүшкөн. Ал эми аталган маалыматты Домодедово аэропорту жана S7 авиакомпаниясы тастыктаган.

Эскерте кетсек, чектөөнүн экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга, бош учактарды техникалык кароого алып барууга, өлкө аймагында транзиттик каттамдарга жана өкмөттүн атайын чечими менен аткарылуучу каттамдарга, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүчү жарандарга тиешеси жок.

Буга чейин департамент 15-июлдан баштап эл аралык каттамдарды жандандырууну сунуш кылган болчу. Июнда Орусия авиациясынын башчысы Александр Нерадько өкмөткө чет жакка учуулардын планын жаңыртууну сунуштаган. Анын айтымында, каттамды КМШ өлкөлөрүнөн баштоого болот. Андан кийин эпидемиялык кырдаалга жараша башка өлкөлөр да кошулмак. Азырынча анын демилгеси колдоо таба элек.

Буга чейин Транспорт министрлигинин башчысы Евгений Дмитрих билдиргендей, баарынан мурда ички каттамдын коопсуздугун текшерип, андан кийин гана чек араларды ачуу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.07.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тезиреек ачса Жакшы болот эле барып иштейт элек Кыргызстанда элдин кообу кризис болуп кеттик же иш жок
03.07.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
talaa11,Кеткенде жан талашып кетип, границага барып док кылып жатып атып кеттинер эле , Эми эмне болду?
03.07.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура кылыптыр!
04.07.2020. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан ачылат болду экен. Ана мына болуп, зарыктык го мурдакыдай жашоого. Аллахым озун Гана бул кундордон куткаруучусун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: